Реклама

.

Салык кызматы мамкызматчылардын декларацияларын иштеп чыгуу боюнча иштер тууралуу айтып берди

17.12.2018

2018-жылдын 17-декабрында Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө пресс-конференцияда айтып беришти. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов, декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын начальниги Мукай Нусупов жана декларациялоо бөлүмүнүн начальниги Назбек Сатынбеков катышышты.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарынын айтуусу боюнча, КР “Декларациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-июлунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын салык декларацияларын кеңири масштабдагы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

КРнын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” (2017-жылдын 2-августу №164) Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын 2018-жылдын 1-апрелине чейин ага, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар тууралуу чагылдыруу менен бериши керек болчу.

Бул Мыйзам менен Салык кызматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар берген декларациялардын эсебин жүргүзүү, декларацияда көрсөтүлгөн декларанттын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды чагылдыруунун аныктыгына жана толуктугуна карата иликтөө жана талдоо жүргүзүү милдети жүктөлгөн.

Бул жылдагы декларациялык кампаниянын өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын электрондук түрдө бергендиги эсептелет.

2018-жылдын 1-декабрына карата бардыгы болуп салык кызматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан 59 миң 965 салык декларациясы келип түшкөн.  Анын ичинде 10 миң 394 декларант 30-июнга чейин мурда берилген декларациясына өзгөртүү же толуктоо киргизүү укугун пайдаланышкан.

2 миң 616 декларант мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кийин декларацияларын тапшырышкан. Ошону менен бирге, айрым министрликтер жана ведомстволор тарабынан декларация тапшырууга милдеттүү болгон адамдардын тизмесине кенже жана техникалык тейлөө персоналынын адамдары да киргизилип кеткендигине байланыштуу, бүгүнкү күндө такталгандан кийин 800 декларант  декларация тапшырууга милдеттүү болгон адамдардын тизмесинен чыгарылды.

Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык, БСД өз убагында бербеген адамдарга 1 млн 112 миң сом суммасындагы административдик айып салынды, ал эми аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине уставга ылайык тартиптик жаза-чаралары колдонулду.

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата салык кызматынын сайтында декларацияны мсөөнөтүнөн кечиктирип берген 1354 декларанттардын тизмеси жайгаштырылган. Азыркы учурда декларацияны кечигүү менен берген адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда, тактоого жараша МСКнын сайтына жайгаштырылып турмакчы.

Декларацияны болжол менен 277 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы берген эмес. Бул негизинен декреттик эмгек өргүүдө жана чет жерде окууда жүргөн адамдар.

Бирок, декларациясын бербеген адамдардын катарында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар да бар (алсак, Ат-Башы жана Чаткал районунун акимдери).

МСКнын сайтында бардыгы болуп саясий кызмат орундарын ээлеген жана ээлеп турган 189 декларант боюнча жыйынды маалыматтар жарыяланган. Дагы 480 декларация боюнча жыйынды маалыматтар жарыялоого даярдалууда.

Декларацияда чагылдырылган маалыматтарды талдоо жана иликтөө боюнча иштердин алкагында, маалыматтардын толуктугу жана негиздүүлүгү боюнча салык органдары тарабынан декларант боюнча маалыматтарды берүү тууралуу министрликтерге, ведомстволорго жана коммерциялык банкттарга суроо-талап жиберилген.

Ошол эле учурда, жиберилген айрым суроо-талап боюнча маалымат берүүдө КР мыйзамдарынын ченемдерине шилтеме берүү менен баш тартылган. Алсак, 26 коммерциялык банктын ичинен 11 банк маалымат берүүдөн баш тарткан.

Ошондой эле, айрым министрликтер, ведомстволор толук маалымат беришкен эмес. Алсак, Мам.мүлк фонду тарабынан берилген маалыматтарда фамилиясы менен аты гана берилип, аты, атасынын аты паспорттогу маалыматтарга ылайык берилбегендиктен, бул декларанттын маалыматтарын салыштырууда кыйынчылыкты туудурууда.

Салык органдары ошондой эле, саясий, башкы административдик жана атайын кызмат оруднарын ээлеген 1 миң 101 адамдын декларациясын, анын ичинде жогорку саясий кызмат орундарын ээлеген 260 адамдын декларациясын; атайын кызмат орундарын ээлеген 434 адамдын декларациясын; саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, жогорку кызматтарды ээлеген адамдардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин  407 декларциясын текшерүүгө алышкан.

Саясий, башкы административдик жана атайын кызмат орундарын ээлеген жана декларацияларында туура эмес мааламыттарды көрсөткөн 141 адамга карата материалдар Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилди. Учурда текшерүү жүрүүдө.

178 декларант боюнча маалымат тактоо стадиясында турат, толук эмес же туура эмес маалымат берилген учур катталган болсо, прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет.

(маалымат үчүн: 2018-жылдын 1-декабрына карата МСК тарабынан 319 декларация боюнча шайкеш келбестик аныкталган (анын ичинде МКК базасы боюнча каттоодон өтпөгөн мүлк көрсөтүлгөн декларация боюнча).

Республика боюнча аймактык салык органдары тарабынан саясий, башкы административдик жана атайын кызмат орундарын ээлеген категорияга кирген адамдарды кошпогондо, декларацияларында туура эмес мааламыттарды көрсөткөн 20 мин 871 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын кирешелери жана мүлкү тууралуу декларация текшерүүгө алынган, тактоого жараша материалдар дагы прокуратура органдарына өткөрүлүп берилмекчи.

МСКнын басма-сөз кызматы

с01

с02

Все новости