Реклама

.

Салык кызматы 9 айда салык отчетун бербеген 36 миңден ашык салык төлөөчүнү издеп тапты

26.10.2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 9 айында салык отчетторун бербеген 36 миң 841 салык төлөөчүнү издеп тапты. Алардын ичинен 8 миң 496 юридикалык жак, 10 миң 330 жеке ишкер, 2 миң 718 дыйкан (фермердик) чарба жана 15 миң 297 жеке жак.

Бул мезгилде салык органдарынан каттоодон өтпөгөн 18 миң 465 ишкердик субъект да изделип табылган. Алардын ичинен 2 миң 324 юридикалык жак, 7 миң 712 жеке ишкер, 3 миң 339 дыйкан (фермердик) чарба жана 5 миң 90 жеке жак.

Мындан тышкары, 7 миң 332 ишкер, анын ичинен соттун чечими боюнча 2 миң 118 субъект жоюлду.

Бул иш-чаралар экономиканын көмүскө секторунда иш жүргүзгөн чарба субъекттердин салык төлөөдөн качуу фактыларын табуунун, ошондой эле жалган ишкердикке каршы күрөшүүнү күчөтүүнүн алкагында жүргүзүлдү.

МСК басма сөз кызматы

Все новости