Реклама

.

МСК Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин жарыялады

03.10.2018

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 164 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”  Мыйзамын аткаруу максатында, Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тууралуу алдан ала маалыматты өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 1 миң 754 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында беришкен эмес.

БСД өз убагында бербегендер тууралуу маалымат www.sti.gov.kg сайтында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды декларациялоо” рубрикасында жайгаштырылган. Анда саясий, муниципалдык жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле, мамлекеттик органдардын, анын ичинде, Президенттик Аппараттын, Өкмөттүн, Акыйкатчынын, Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Конституциялык палатанын, айыл өкмөттөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин тизмеси берилген.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көбү жергиликтүү органдардын кызматчылары жана адистери (айыл өкмөтү, мэрия), жергиликтүү кеңештин депутаттары, бардыгы – 537 декларант болду. Андан соң ички иштер министрлиги – 470 кызматкер, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет – 86, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы – 63, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы – 38, Улуттук гвардия – 33, Жогорку сот – 32, МСК – 32, Мамлекеттик чек ара кызматы – 29, Мамлекеттик каттоо кызматы – 25, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги – 25, Тышкы иштер министрлиги – 24, Башкы прокуратура – 21, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – 19, Жогорку Кеңеш – 18, Билим берүү жана илим министрлиги – 16 ж.б.

БСДны убагында бербеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости