Реклама

.

Салык кызматы жыл башынан бери жалган ишкердик белгилери бар субъектилер боюнча 51 салыктык текшерүү жүргүздү

27.09.2018

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы ишмердигинде жалган ишкердиктин белгилери бар же мурда жалган ишкер деп табылган, ошондой эле ишмердигинде жалган ишкердиктин белгилери болжолдонгон же салыкты төлөбөй коюу тобокелдиги бар субъектилер менен өз ара экономикалык мамилеси бар субъекттерде туруктуу негизде текшерүүлөрдү жүргүзүп келет.

Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрына карата абал боюнча, МСК 51 салыктык текшерүү жүргүздү, алардын ичинен 39 – кайра текшерүү, 4 – көчмө текшерүү, 1 – утурлама текшерүү жана 7 – камералдык текшерүү.

Алардын жыйынтыгы боюнча салыктын суммалары кошумча эсептелди, анын ичинде жалпы суммасы 59 578,2 миң сом өлчөмүндө мурда негизсиз чегерүүгө алынган КНСтин суммасы алынып салынды. Мында 25 133,2 миң сом өлчөмүндө салыктык милдеттенмелердин бюджетке келип түшүүсү камсыздалды.


МСКнын басма сөз кызматы

Все новости