Реклама

.

Салык кызматы патентти онлайн түрүндө берүү боюнча пилоттук долбоор менен тааныштырат

04.07.2018

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 6-июлунда саат 10.00дө электрондук түрдө патент берүү боюнча пилоттук долбоор менен тааныштырууну пландоодо.

Жолугушууда жарандар МСКнын www.salyk.kg - “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервиси аркылуу патентти кантип сатып алса болоору тууралуу Салык кызматынын адистери айтып беришет.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы жолугушууга кызыкдар болгон жактарды (журналисттерди, бизнес-ассоциациясын, ишкерлерди, адамдарды ж.б.) чакырат.

Өткөрүлүүчү жер: Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, жыйындар залы, 2-кабат.

Катталуу үчүн телефон: (0312) 61-07-67 (Мирлан).

Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

МСКнын "Электрондук патент" долбоорун ишке ашыруу салыктык тескеп-башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле, жол-жобонун жеткиликтүүлүгүнүн жана жагымдуулугунун эсебинен ишкерлердин камтылышын кеңейтет. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости