Реклама

.

1-июлдан тартып Бишкек жана Ош шаарларынан патентти онлайн түрүндө сатып алууга болот

03.07.2018

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Жаңы кызмат патентти аралыктан, башкача айтканда МСКнын www.salyk.kg - “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервиси аркылуу тариздөөгө мүмкүндүк берет, бул ыктыярдуу, милдеттүү патенттерди жана милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндө алектенген жалданма жумушчуларга патент алуу процессин жөнөкөйлөтөт.

Салык төлөөчүлөр ар бир жолу салык органына барбастан, кеңсесинен (соода жана кызмат көрсөтүү түйүнүнөн) же үйдөн чыкпай туруп интернет аркылуу каалаган убакытта патент сатып ала алат. Ал эми патент үчүн акыны терминал, банкомат, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары, банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфратүзүмдү түзгөн башка түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Азыркы учурда патент берүүнүн колдонуудагы тартиби салык төлөөчүлөрдүн бир топ убактыларын (патент берүү пунктуна келүү, ага жана кассада кезекте туруу, кайра кеткендеги жол убактысы) алат жана салык органына барбай туруп, ошондой эле өзүнө ыңгайлуу мезгилде патент сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок.

Демек, МСКнын "Электрондук патент" долбоорун ишке ашыруу салыктык тескеп-башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле, жол-жобонун жеткиликтүүлүгүнүн жана жагымдуулугунун эсебинен ишкерлердин камтылышын кеңейтет. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Пилоттук долбоорду аяктагандан кийин – 1-августтан тарта, башка аймактардагы ишкерлер да салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишмердигин ишке ашырууга патент сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости