Реклама

.

Салык кызматы жыл башынан берки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 19,9 млрд сом жашырылган салыкты кошумча эсептеди

20.06.2018

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын башынан бери ишкердик субъекттерде 4 миң 817 текшерүү жүргүздү.

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 19 млрд 969,9 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы бюджетке кошумча эсептелди. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд 573,2 млн сомго көп.

Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр 2 млрд 340 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 743,3 млн сомго, же 47% га көп.

Мындан сырткары, жыл башынан бери жалпы кошумча кошуп эсептелген 3 млрд 569,3 млн сом өлчөмүндөгү салыктык текшерүүлөрдүн 67 материалы тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилген.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости