Реклама

.

5 айдын ичинде Салык кызматынын Маалымат борбору жарандардын 29,5 миң телефон чалууларын иштеп чыкты

08.06.2018

2018-жылдын 5 ай ичинде Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борборуна жарандардан 29 миң 529 телефон чалуулары түшкөн.

Жарандар Маалымат борборуна абдан көп кайрылган маселелердин лидери – Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын толтуруу жана берүү тартиби. Мамлекеттик жана муниципалдук кызматчылар Бирдиктүү салык декларациясын электрондук түрдө тапшыруу, аны толтуруу жана жөнөтүү тартиби, логин жана сыр сөз, “Салык төлөөчүнүн кабинетине” кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу маселелери боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн.

Эскерте кетсек, 2012-жылдан тартып өлкөбүздө Салык кызматынын 194 номерлүү Маалымат борбору иштеп жатат. Чалуулар Кыргызтелекомдун абоненттери үчүн бекер, мобилдүү телефондон уюлдук операторлордун тарифтик планына ылайык төлөнөт.


Сурап билүү кызматынын негизги максаты – бул салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонууда салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү жана көмөктөшүү боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтүү, салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар түрдүү маалымдама маалыматтарды ыкчам берүү, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салык маселелериндеги сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу.

Мындан сырткары, 194 номери боюнча чалып, салык кызматынын кызматкерлеринин укукка каршы иш аракеттерин кабарлоого болот.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости