Реклама

.

Салык кызматынын башчысы ведомствонун Коомдук кеңеши менен кызматташуу маселелерин талкуулады

28.05.2018

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров ведомствонун Коомдук кеңешинин мүчөлөрү менен таанышуу жолугушуусун өткөрдү, анда эки тараптуу кызматташуунун аспектилерин жана формаларын талкуулады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Салык кызматынын башчысы Коомдук кеңештин мүчөлөрүн өнөктөш катары иштөөгө чакырып, алардан салык кызматынын ишин өркүндөтүү, анын ичинде көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртуу боюнча практикалык сунуш түрүндө жардам күтөөрүн белгиледи.



“Биз силер менен кызматташууга даярбыз. Силерден мамлекеттик органдын ишинде орун алган кемчиликтерди жана алсыз жана көйгөйлүү жерлерди жоюу боюнча сунуштарды жана кеңештерди угууну күтөбүз. Бул Салык кызматынын салыктарды чогултуу жана салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү менен байланышкан негизги милдеттерин сапаттуураак аткарууга мүмкүндүк берет”, – деди Т. Абжапаров.

Коомдук кеңештин суроолоруна жооп берип жатып Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ведомстводо Системалык коррупцияны жоюу боюнча деталдаштырылган планды ишке ашыруу алкагында коррупцияны жоюу боюнча иштерди, соода операцияларын эсепке алуу жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу (электрондук эсеп-фактура, товарларды маркалоо, ККМ онлайн), камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча функцияларды Салык кызматы тарабынан кабыл алууга даярдоо, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салыктык жол-жоболорду оптималдаштыруу жана электрондук түрдө салык отчетторун берген салык төлөөчүлөдүн санын көбөйтүү боюнча иштерди артыкчылыктуу деп атады.

Ошондой эле Салык кызматынын башчысы МСКнын борбордук аппаратынан баштап аймактык салык башкармалыктарына чейин бөлүмдөрүнүн иши менен кеңештин мүчөлөрүн тааныштыруу үчүн жооптуу кызматкерлерге тийиштүү тапшырма берип Коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн сунушун колдоду.

Жыйынтыгында МСКнын төрагасы Т. Абжапаров Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө айтылган сунуштары үчүн ыраазычылык билдирип жана алардын ишинде ар кандай жардам берем деп ишендирди.

Өз кезегинде, Коомдук кеңештин мүчөлөрү Салык кызматынын жетекчисин ачыктыгы жана кызматташууга даяр экендиги үчүн ыраазычылык билдирип жана жаңы кызмат ордунда ага ийгиликтерди каалашты.

МСКнын басма-сөз кызматы


2804

2802

Все новости