Реклама

.

3 айдын ичинде Салык кызматына жарандардан ар кандай маселер боюнча 55 кайрылуу келип түштү

10.05.2018

2018-жылдын үч айында Мамлекеттик салык кызматына жарандардан 55 кайралуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен 30 билдирүү салык органдарынын кызмакерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине, 4 билдирүү салык мыйзамын бузган салык төлөөчүлөргө жана 21 билдирүү башка ар кандай маселелерге байланыштуу.

Келип түшкөн кайрылуу жана даттануулардын 7 билдирүү электрондук почта аркылуу, 39 билдирүү кат жүзүндө, 4 билдирүү “ишним телефонуна” жана 5 билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу келип түшкөн.

Келип түшкөн бардык кайрылуулар өз убагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралды.

Кызматтык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, салык органдарынын кызматкерлеринин укукка жат аракеттери тууралуу 30 билдирүүнүн ичинен 14 арыз боюнча фактылар далилденди, 14ү боюнча далилденген жок, ал эми 2 билдирүү кароо стадиясында турат.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 2 кызматкер иштен бошотулду, 4 кызматкерге сөгүш жарыяланды, 5 кызматкерге сын-пикир айтылды, 1 кызматкерге катуу эскертүү берилди, 1 кызматкер ротациялоого дуушар болду, ал эми 1 факт боюнча материалдар прокуратурага берилди.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө салык мыйзамдарын бузган салык төлөөчүлөр тууралуу 4 кайрылуунун ичинен 3 билдирүү боюнча мыйзам бузгандарга административдик мүнөздөгү чаралар колдонулду.

Салык кызматы эскертет, жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында жана ыкчам кароо максатында Салык кызматынын ситемасында бардык жерде “ишеним телефондору”, электрондук кайрылууларды алуу үчүн электрондук даректер, “коомдук кабылдамалар” иштейт. Бул болсо жарандарга ыңгайлуу болгон бардык формада – кат, оозеки же электрондук түрдө кайрылууга мүмкүндүк берет.

Мында, жарандар салык кызматкерлеринин иши боюнча эле эмес, өз ишин салык мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырган ишкерлердин үсүтнөн да даттануу менен кайрылышса болот.

Келип түшкөн кайрылуу жана даттануулар боюнча Салык кызматы андан ары тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн кызматтык териштирүүлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзөт.


МСК басма-сөз кызматы

Все новости