Реклама

.

Салык кызматы жаштардын салык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн студенттер менен жолугушуу өткөрдү

03.05.2018

Мамлекеттик салык кызматы Бишкекте жана региондордо орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын студенттерин ведомствонун иши менен тааныштыруу жана салык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Салык кызматынын борбордук аппаратында жана аймактык салык органдарында өткөн ачык эшик күнүнүн жүрүшүндө салык органдарынын кызматкерлери студенттерге салык кызматынын иши, анын функциялары жана милдеттери, ведомствону өнүктүрүү пландары, “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген Тейлөө борборлорунда көрсөтүлүүчү салык кызматтарынын заманбап түрлөрү, Маалымат борборунун иши, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, Кыргыз Республикасында салык салуу системасы, салык кызматынын расмий сайты ж.б. жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле, адистер Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек ш. Октябрь району жана Чүй облусу Сокулук району боюнча эки пилоттук аймактык башкармалыктарында социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча маалымат беришти.

Келечектеги финансист жана ишкерлерге жумушка алуу эрежелери жана тартиби, мамлекеттик кызматынын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары, мамлекеттик кызматкердин укуктары жана жоопкерчилиги жөнүндө билүү, КР салык системасы жөнүндө бетачарды, Салык кызматынын иши жөнүндө фильмин көрүү, ошондой эле иш жүзүндө салык жана социалдык камсыздандыруунун кызмат көрсөтүү боюнча тейлөө борборлорунун иши менен танышуу пайдалуу болду.

Мындан тышкары, студенттер Салык кызматыны системасында коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алынган чаралар жана өткөрүлүүчү иш-чаралар, салык кызматынын жана бир катар окуу жайлардын ортосунда колдонуудагы макулдашууларга ылайык практика өтүү эрежелери, анын ичинде аларды кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.

Иш-чаранын бардык катышуучуларына, ага катышкан 618 студенттерге алардын окутуучуларына салыктар жана салык кызматтары жөнүндө брошюралар таратылды.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости