Реклама

.

Бишкекте жарандык коомчулуктун катышуусу менен салык органдарында мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди талкуулашты

13.04.2018

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Коомдук кеңешинин демилгеси менен уюштурулган “Салык органдарындагы коррупциялык тобокелдиктер жана аларга каршылык көрсөтүү ыкмалары” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясында болуп өткөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Мамлекеттик салык кызматынын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, бир катар жогорку окуу жайлардын илимий-окутуучулук курамы катышты.

Тегерек столдун катышуучулары Салык кызматында системалык коррупцияны жоюу боюнча деталдаштырылган планынын 2-этабын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршылык көрсөтүү жана коррупция менен каршы күрөшүү боюнча ишти талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Карагул уулу Жакып коррупция менен каршы күрөшүүнүн артыкчылыктуу багыттары, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча ыкмалар жана кабыл алынган чаралар жөнүндө кеңири айтып берди, ошондой эле ал жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Салык кызматынын статс-катчысы салык кызматынын жарандык коомдун өкүлдөрү менен кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги коррупциялык тобокелдиктер”, “КНС жана коррупциялык кырдаалдын тобокелдиктери” жана “Кыргыз Республикасында салык маданиятынын маанилүүлүгү” жөнүндө докладтарда баяндамачылар салыктык контролун (салыктык текшерүү, рейддик салык контролу) жүзөгө ашырууда коррупциялык тобокелдиктер, салык контрагындагы салык милдеттенмелерин эсептөө жана салык постун белгилөө жөнүндө айтып беришти. Кошумча нарк салыгын эсептөөнүн жаңы мезанизмин киргизүү боюнча сунуштар киргизилди, аны колдонуу бюджеттен мыйзамсыз ордун толтуруу үчүн өбөлгөлөрдү жоет.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, анын катышуучулары ушул сыяктуу тегерек столдорду өткөрүү коррупция менен каршы күрөшүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун активдүү кызматташууга өбөлгө түзөт деп белгилешти.

Жыйынтыгында Салык кызматынын өкүлдөрү тегерек столдун катышуучуларына салык кызматкерлери тарабынан пара талап кылынган учурларда жарандардын жүрүм-турум эрежелери тууралуу эстеткич буклеттерди таратышты.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости