Реклама

.

“Сосновка” өткөрмө пунктунан күмөндүү документтер менен 36,5 миң литр дизель отуну бар авто унаа кармалды

28.03.2018

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктунан белгиленген талаптарды бузуу менен 36 миң 530 литр КММ (дизель отуну) алып өтүп бара жаткан авто унааны кармашты.

Транспорт каражаты салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, “С.С.К.” ЖЧКга таандык болгон жүгү бар авто унаа күмөндүү коштоочу документтер жана МСКнын күмөндүү пломбалары менен Арка айылына Кант-Лейлек каттамы боюнча жүрүп бара жаткан.

Рейддин жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, материалдар андан аркы чара колдонуу үчүн ЭККМК өткөрүлүп берилди.

Кармалган авто унаа жүгү менен жагдайлар такталгычакты айып төлөөчү жайга токтотулду.

МСК басма сөз кызматы

Все новости