Реклама

.

26-мартка карата 220 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

26.03.2018

2018-жылдын 26-мартына карата 221 миң 838 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 39 миң 768 юридикалык жак, 107 миң 653 жеке ишкер, 43 миң 9 жеке жак, 7 миң 856 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 23 миң 552 мамлекеттик жана муниципалдык кызмакерлер.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, салык кызматы марттын аягына чейин Бирдиктүү салык декларацияны саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

МСК басма-сөз кызматы

Все новости