Реклама

.

Салык кызматы Мамлекеттик туу күнүн белгиледи

03.03.2018

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүн белгиледи.

Жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланган Кыргыз Республикасынын Туусун көтөрүү аземи Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын алдында МСКнын жетекчилиги жана борбордук аппараттын кызматкерлеринин катышуусунда болуп өттү.

Салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов чогулгандарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынышынын 26 жылдыгы менен куттуктады жана бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи. “Бул биздин республика үчүн өзгөчө күн, ал бизди өз Мекенибиздин чыныгы патриоту болууга, мамлекеттик символиканы урматтоого  чакырат. Биздин Мамлекеттик туу ар дайым тубөлүк желбирей берсин”, - деди О.Абдыкаимов.

Мындай иш-чаралар бардык аймактык салык органдарында болуп өткөнүн белгилей кетүү керек.

МСК басма сөз кызматы

Все новости