Реклама

.

Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясы жана салык мыйзамдар боюнча салык төлөөчүлөр үчүн семинарларды өткөрүүдө

02.03.2018

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын берүү тартиби жана салык мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча өлкөнүн бардык региондорунда салык төлөөчүлөр менен семинар-кеңешмелерди өткөрүүдө.

Семинарлар салык органдарынын түшүндүрүү иштерин жана салык төлөөчүлөрдүн маалымдуулугун жакшыртуу максатында, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча декларациялык кампанияны жүргүзүүнүн алкагында уюштурулган.

Бекитилген графикке ылайык, семинарлар үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Бишкекте жана Чүй облусунда, анын ичинде Токмок жана Кара-Балта шаарларында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөрүлдү.

Семинарлардын жүрүшүндө салык төлөөчүлөр Бирдиктүү салык декларациясын берүү тартибине байланыштуу маселелер боюнча маалымат алышты. Атап айтканда, Салык кызматынын кызматкерлери салык отчетторун берүү үчүн “Салык төлөөчүнүн кабинетине” кирүүгө мүмкүндүк алуу жол-жобосу, анын ичинде салык декларациясын электрондук түрдө берүү тартиби жөнүндө айтып беришти. Салык төлөөчүлөр ошондой эле электрондук отчеттуулуктун артыкчылыктары жөнүндө да билишип, өткөн жылы салык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго тийиштүү маселелерди талкуулашты.

Салык декларациясын берүүгө милдеттүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин категорияларына карата, берүү ыкмалары жана тартиби, ошондой эле декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө жана аны тапшырбаган учурда каралган жоопкерчилик тууралуу өзүнчө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бардык материалдар салык төлөөчүлөргө слайддын жардамы менен түшүндүрүлдү.

Ушул сыяктуу семинар-кеңешмелер графикке ылайык март айынын ичинде – декларациялык кампаниянын 2-этабында өтөөрүн белгилей кетүү керек.

Алсак, 5-март – Нарын ш., Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, 13-март – Талас ш., Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас жана Талас райондорунда, 16-март – Балыкчы жана Каракол шаарларында, ошондой эле Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп, Тоң, Жети-Өгүз, Кочкор жана Жумгал райондорунда болот.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости