Реклама

.

Кыргыз-казак чек арасынан контрабандалык тамеки буюмдарынын ири партиясы кармалды

28.02.2018

КР Салык кызматынын мобилдик тобунун курамындагы кызматкерлери кыргыз-казак чек арасына жакын “Ак-Жол авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан акциздик маркалары жок жана уруксат берүүчү жана башка тийиштүү документтерсиз тамеки буюмдарынын ири партиясын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга аракет жасаган учурда кармашты.

528 миң сом суммадагы “2005” жана “Legate” фильтр маркасы менен 11 миң кутуча тамеки тартып алынды.

Бардык материалдар андан аркы чара колдонуу үчүн тийиштүү органга өткөрүлүп берилет.

МСК басма-сөз кызматы

Все новости