Реклама

.

Бүгүн юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

28.02.2018

Бүгүн, 28-февралда юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктаарын Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды түн ортосуна чейин тапшырууга чакырат.

Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 10 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Толугураак маалыматты 194 номери жана www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

МСК басма-сөз кызматы

Все новости