Реклама

.

13-февралга карата 43 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

13.02.2018

2018-жылдын 13-февралына карата 43 миң 773 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 8 миң 474 юридикалык жактар, 28 миң 166 жеке ишкерлер, 5 миң 461 жеке жактар, 1619 салык салынуучу кирешеси жок жеке жактар, ошондой эле 53 мамлекеттик жана муниципалдык кызмакерлер.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 10000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

МСК басма сөз кызматы

Все новости