Реклама

.

Кызыл-Кыяда күмөндүү акциздик маркалар менен 50 миңден ашуун алкоголдук бөтөлкө тартып алынды

12.02.2018

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери МУККнын жана Айыл-чарба министрлигинин Алкобашкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы кампадан тийиштүү документтери жок жана күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны табышты.

Ата мекендик компаниялардын бирине таандык өндүрүштүн күмөндүү акциздик маркалары менен ар кандай өлчөмдөгү жана аталыштагы бардыгы болуп 50 миң 23 бөтөлкө тартып алынды.

Рейддик материалдар тийиштүү чараларды көрүү үчүн МУККнын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

МСКнын басма сөз кызматы

Все новости