Реклама

.

Япон эксперттери салык кызматкерлерин аралыктан окутуу боюнча долбоору менен тааныштырды

08.02.2018

Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) эксперттик тобу Мамлекеттик салык кызматынын 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында «Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу” долбоорунун бетачарын өткөрүп, Салык кызматынын түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилерин долбоордун максаты жана милдеттери, негизги багыты жана күтүлгөн натыйжалары менен тааныштырды.

Тааныштыруунун жүрүшүндө япониялык экперттер аралыктан окутуунун платформасын ишке киргизүү жана салык кызматкерлери үчүн иштелип чыккан окуу модулдары жөнүндө жеткиликтүү формада айтып беришти.

JICA долбоорунун эксперттери Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары бонча окутуу курсу менен видеоматериал көрсөтүү аркылуу маалыматтык технологиялардын акыркы жетишкендиктерин эске алуу менен түзүлгөн (курсту түрдүү форматта сунуу, аналитика жана башка мүмкүнчүлүктөр) аралыктан окутуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Имай Сейдзю өз кайрылуусунда “Долбоор JICA долбоорунун моделдик долбоору болуп саналаарын жана салык кызматкерлеринин өз убагында жана сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтээрин” белгилеп өттү.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов долбоор аралыктан окутуу методун колдонуу менен аймактык салык органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк берип, салык системасы үчүн өтө маанилүү экендигин белгилей кетти.

Долбоор салык кызматкерлери жана салык төлөөчүлөр үчүн, анын ичинде орто мектептин жогорку классынын окуучулары, орто атайын окуу мекемелери жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн да аралыктан окутуу системасын түзүүнү пландаштырат. Салык органдарынын кызматкерлери үчүн аралыктан окутуунун эки пилоттук модулу каралган. Мындан тышкары, долбоордун алкагында жабдууларды сатып алуу, салык кызматкерлеринин ичинен машыктыруучуларды жана окуу жайларынын окутуучуларын окутуу пландаштырылууда.

Мамлекеттик салык кызматы жана Япониялык өнөктөштөр менен биргеликте иштелип жаткан окутуу модулунун программасы маалыматтык технологияларды кеңири пайдалануу менен түзүлгөн. Бул онлайн режиминдеги жана жазылган (кайталап көрүү үчүн) видео-аудио сабактар, вебинар учурунда машыктыруучу менен электрондук байланышта баарлашуу мүмкүнчүлүгү, талкуу форумдарына катышуу, электрондук тапшырмаларды аткаруунун ар кандай ыкмалары. Мында окутуунун бул түрү үчүн убакыт жана мейкиндик тоскоолдуктарынын же чектөөлөрдүн жоктугу эң маанилүү фактор болуп эсептелет.

Электрондук окутууну өтүү үчүн кызматкерлердин персоналдык компьютери же смартфону болуусу шарт. Мында ал ыңгайлуу убакытты жана жерди өзү тандайт (жумуш ордунда окутуу үчүн белгилүү бир графикте же каалаган бош убактысында). Ошондой эле ал тест тапшырып, окутуунун жыйынтыгы менен да тааныша алат. Белгилүү бир мезгилде (окуу графигине ылайык) биринчи жолу өздөштүрө албаган сабакты кийин кайрадан өтүү мүмкүнчүлүгү бар, бул шарт окутуунун аягында негизги тест боюнча жакшы натыйжа алууга мүмкүнчүлүк берет.

Окутуунун мындай формасы ашыкча финансылык сарптоолорду болтурбоого шарт түзөт жана алыскы райондук салык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине сапаттуу билим берүү үчүн убакытты үнөмдөйт.

Салык төлөөчүлөрдү окутуу программасына кайрыла турган болсок, ал потенциалдуу салык төлөөчүлөр үчүн  ыңгайлаштырылган. Жогорку класстын окуучуларына жана студенттерге бул программа финансылык жана салыктык сабаттуулукту өз алдынча жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бул Кыргызстанда 2020-жылы жеке адамдардын кирешелерин декларациялоонун киргизилиши алдында актуалдуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, үч жылга эсептелген “Салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү системасын жакшыртуу” долбоору 2017-жылы башталган жана аралыктан окутуу системасын киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын адам ресурстарын башкарууну жакшыртуу максатында иштелип чыкты. Салык кызматынын өтүнүчү боюнча Япон эл аралык кызматташуу агенттиги тарабынан колдоого алынды.

МСКнын басма сөз кызматы

Все новости