Реклама

.

2017-жылы МСКнын Маалымат борборуна кайрылган жарандардын жарымы ЕАЭБ маселелерине кызыккан

06.02.2018

2017-жылы Салык кызматынын Маалымат борборуна салык салуу чөйрөсүндөгү эң актуалдуу маселелер боюнча кеңеш алуу үчүн салык төлөөчүлөрдөн 58 миң 277 чалуулар болгон.

Ошол эле учурда, салык төлөөчүлөрдүн жалпы санынын 45% – ЕАЭБ алкагында салыктарды башкаруу маселелери боюнча маалымат кызматына кайрылышкан. Анын ичинде 25% – товарларды импорттоодо КР мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүү тартиби, товарларды ташып кирүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси, аларды алуу жана толтуруу тартиби, кыргыз-казак чек арасы аркылуу авто унаалар менен товарларды тоскоолсуз экспорттоо үчүн зарыл болгон шарттар жана документтердин тизмеси тууралуу, ал эми 20% – ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттоодо кыйыр салыктар боюнча отчетторду толтуруу, берүү тартиби жана импортко КНСти төлөө мөөнөтү туурасында болгон.

Кайрылган жарандардын 12% Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби жана берүү мөөнөтү, ошондой эле, декларацияны электрондук түрдө берүү жол-жобосу туурасындагы маселелер боюнча түшүнүк алышкан.

МСКнын www.sti.gov.kg расмий сайтын пайдалануу тартиби жана жол-жобосу (электрондук сервис, керектүү маалыматтарды издөө ж.б.) тууралуу маселелерге салык төлөөчүлөрдүн 5% кызыгышкан. КНС боюнча отчетторду толтуруу жана оңдоо тартиби боюнча жарандардын 5% жана башка суроолор боюнча 26% Маалымат борборунун кызматкерлеринен кеңештерди алышкан.

Эскерте кетсек, 2012-жылдан тартып өлкөбүздө Салык кызматынын 194 номерлүү Маалымат борбору иштеп жатат. Чалуулар Кыргызтелекомдун абоненттери үчүн бекер, мобилдүү телефондон уюлдук операторлордун тарифтик планына ылайык төлөнөт.

Сурап билүү кызматынын негизги максаты – бул салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонууда салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү жана көмөктөшүү боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтүү, салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар түрдүү маалымдама маалыматтарды ыкчам берүү, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салык маселелериндеги сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу.

Мындан сырткары, 194 номери боюнча чалып, салык кызматынын кызматкерлеринин укукка каршы иш аракеттерин кабарлоого болот.

Белгилей кетсек, МСКнын Маалымат борборунун кызматын пайдаланган салык төлөөчүлөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Алсак, 2012-жылы 6 миң 463 жаран кайрылса, 2013-жылы – 19 миң 612, 2014-жылы – 35 миң 623, 2015-жылы – 52 миң 746, ал эми 2016-жылы 71 миң 834 жаран кайрылган.

МСК басма сөз кызматы

Все новости