Реклама

.

2018-жылга карата салык кызматынын ишинин негизги багыттары аныкталды

01.02.2018

31-январда болуп өткөн МСКнын коллегиясынын отурумунда ведомствонун төрагасы Октябрь Абдыкаимов 2018-жылдагы негизги милдеттерди аныктоо менен, ведомствонун иш планын айтты.

Атап айтканда, ушул жылы салык кызматынын алдында мамлекеттик, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, салыктык жана салыктык эмес келип түшүүлөрдүн киреше бөлүгүн толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу турат.


Ошону менен бирге, Салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүнө жыйымдардын чогулушун бир кыйла көбөйтүп, салыктык башкаруу боюнча ири реформаларды өткөрүү чараларын кабыл алуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2018-2023-ж. жаңы доорго кырк кадам” Программасында каралган иш-чараларды ишке ашыруу, анын ичинде, соода операцияларын эсепке алуу жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү (булар электрондук эсеп-фактуралар, товарларды маркалоо, ККМ он-лайн) боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.

Жоопту милдеттердин катарында, МСКнын 2018-2020-жылдарга өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясында белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу да турат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн тескеп-башкаруунун пилоттук долбоорун өткөрүү боюнча иш-чараларды сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу, МСКнын кызматкерлеринин кадрдык дараметин, кесипкөйлүк жана системалык жактан өсүүсүн өнүктүрүү, окутуу жана квалификациясын жогорулатуу милдеттери да турат.

Ошондой эле, коррупциягы каршы чараларды күчөтүү жана салык кызматынын кызматкерлеринин этикалык ченемдерин сактоосун камсыз кылуу күчөтүлмөкчү.

МСК республиканын бардык аймактарындагы салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын оптималдуу топтому менен сервистик, анын ичинде мобилдик  борборлордун системасын андан ары өнүктүрүүнүн, ошондой эле, МСКнын түзүмдүк бөлүктөрү менен салык төлөөчүлөрдүн ортосунда электрондук документи жүгүртүүнү кеңейтүүнүн үстүндө иштемекчи. Салык төлөөчүлөр менен ыкчам байланыш системасын өнүктүрүүнү, салык мыйзамдарындагы, салык жол-жоболорундагы өзгөрүүлөр туурасында салык төлөөчүлөрдү өз убагында маалымдар кылууну камсыз кылуу зарыл.

Мындан тышкары, ведомство электрондук кызматтардын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салык жол-жоболорун оптималдаштыруу жана салык отчетторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иштерди күчөтмөкчү.

Дагы бир алгылыктуу милдеттердин катарында салык карызын кыскартуу жана өндүрүү боюнча иштерди жакшыртуу турат.

МСК салык органынын алдына коюлган башка милдеттердин жана иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылышы зарыл.

МСК басма сөз кызматы

Все новости