Урматтуу достор!                                          

0303Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына кош келиңиздер!

Бул жерде сиз салык кызматынын акыркы жаңылыктарынан кабардар жана сизге керектүү бардык маалыматты ала аласыз деп ишенем.

Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтында сизди кызыктырган салык кызматынын бардык багыттары, колдонуудагы салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча ар кандай жана толук маалыматты таба аласыз.

Мындан тышкары, сайт аркылуу  салык отчетун, декларацияны акысыз тапшыруу мүмкүн.  Салык төлөөчүнүн ИСНи, берилген акциздик маркалар, эсеп-фактуралар, жазма буйруктар жөнүндө маалыматты алуу жана издөө боюнча онлайн кызматы жеткиликтүү. Сайтта мүлккө салыкты эсептөө боюнча калькуляторун колдоно аласыз.

Ошондой эле, сизде өзүңүздүн ой-пикириңизди калтыруу, суроо берүү, сунуштарды киргизүү мүмкүнчүлүгүңүз бар. Бул үчүн сиз info@sti.gov.kg электрондук дарекке кат жиберүүнүз керек. Биз ошондо гана  кемчиликтерди оңдой, Салык кызматынын ишинин жыйынтыгын жана сапатын жакшырта алабыз. Бул баарлашуу биз үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз.

Суроолорго компетенттүү жооп берүүгө даярмын. Сиздердин бардык сунуштар жана кайрылуулар биздин иште эске алынат.

Биз порталдын кардарлары үчүн сайтта жайгаштырылган маалыматты кызыктуу жана пайдалуу болуш үчүн баарын жасайбыз.

Дагы бир жолу Кыргызстандын салык кызматынын расмий сайтына кош келиңиздер

Урматто менен,

Теңизбек Абжапаров, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы