Skip Navigation Links Вакансиялар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарга сынак жарыялайт:

-          МСКнын Тогуз-Торо району боюнча башкармалыгынын начальниги;

-          МСКнын Бишкек шаарынын Сведлов району боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

-          МСКнын Бишкеек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары.

Бардык кызмат орундарга квалификациялык талаптар:

-          жогорку финансылык, экономикалык билим;

-          мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматтарда 3 жылдан кем эмес жыйынды стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдын кем эмес иш тажрыйбасы.

Кошумча билиши:

-Кыргыз Республикасынын бюджет кодекси;

-“Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр”, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө",  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

-“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы №341 токтому.

Бардык кызмат орундары үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды билүү милдеттүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси;

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеген жактардын кирешелерин, чыгашаларын, милдеттемелерин жана мүлктөрүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “Эркектер менен аялдар үчүн тең укуктар менен тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө", “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” жобосу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин  2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын кодекси.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, сүрөтү менен; паспорттун көчүрмөсү (оригинал сынакка келген маалда көрсөтүлөт), эмгек китепчесинин, жогорку билимин тастыктаган дипломдун, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража ыйгарылгандагы жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү (көчүрмөлөр нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүш керек), соттолбогондугу жөнүндө маалымкат. Жаран документтерди көктөмөгө салып, толук көлөмдө жана өзү тапшырышы керек.

 

Документтер 2017-жылдын 24-апрелинде саат 18.00гө чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек ш., Чүй пр.219, тел. 61-46-52, 61-51-67.

 

 

 

 

 









Calendar
Title and navigation
<<<Апрель 2017>>>
Апрель 2017
 ПВСЧПСВ
14272829303112
153456789
1610111213141516
1717181920212223
1824252627282930
191234567

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player